Нарында окуучу бала бычактан каза болду

1136

3-күн мурда Нарында бычактан алган жараттан улам көз жумган окуучу баланын өлүмүнө шектүү катары Ак-Талаа районундагы Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу кармалды.

Тартип сакчыларынын билдирүүсүнө караганда, кылмышка шектүү өспүрүм менен 11-класстын окуучусунун ортосунда пикир келишпестик чыгып, анда 10-класстын окуучусу бычак шилтеген.

Натыйжада 17 жаштагы өспүрүм каза тапкан. Азырынча эки окуучунун ортосундагы чыр эмнеден улам келип чыкканы такталууда. Айрым маалыматтар боюнча, эки өспүрүм мектептеги лидерликти талашып кетишкен. Маркум окуучу мектеп парламентинин президенти болгон. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.