Нарында соодагерлер митингге чыгып, ачкачылык жарыялашты

668

Нарын шаарында соода күркөлөрүнүн алынышына каршы чыккан аялдар ачкачылык жарыялашты. Кечээ күнү алар митингге чыгып, түнкү экиге чейин турушкан. Нааразы тараптын айтымында, жергиликтүү бийлик алардын талабын укпай, тоготпой жатат.

Бүгүн эртең менен аялдар кайрадан Нарындын борбордук аянтына чогулушту. Алар соода күркөлөрүнүн алынышына каршы болушууда. Ал эми шаардык мэрия жолду кеңейтүү үчүн мыйзамсыз орнотулган дүкөндөр боюнча чечим чыкканын билдирди.

Бул соода жайлары 5 жыл мурда эле алынышы керек болчу, дейт калаа башчысы. Көчөлөр кеңейтилип, аллея салынып арыктар тарттырылат экен. Ушул жумада мыйзамсыз тургузулган дагы 4-5 курулуш алынаары кабарланды. Ал эми соодагерлерге башка жерден орундар сунушталган. Бирок алар каалабай жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.