Нарында жол кырсыгынан 3 адам каза болду

989

Нарында жол кырсыгынан улам 3 адам каза болду. Жол кырсыгы Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында катталган. Көк-Ой айылынын 23 жаштагы тургуну «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаа менен чыгыштан батышты карай башкарып бара жатып, жолдон чыгып кеткен. Унаа ошол көчөдө жайгашкан үйдүн короосуна кирип, дубалын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 2 жүргүнчү ошол жерден мерт кеткен. Дагы 2 адам түрдүү жаракаттарды алып, аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Окуя болгон жерге Жумгал райондук Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу кароо жүргүзүп, унаа айып жайга токтотулду. Ал эми маркумдардын денеси райондук ооруканага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.