Нарындагы билими күчтүү, дүйнө кезген студенттер (видео)

2811

Борбор Азия университети кыргызстандык студенттерди жыл сайын чет өлкөлөргө жөнөтүп турат. Мындай мүмкүнчүлүк окууда ийгилик жараткан улан-кыздарга берилет. Ушул жылы эле төрт студент АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн кинофестивалга катышып, Улуу Британиянын Кембридж университетине барып, тажрыйба топтоп келишти.

Борбор Азия университетинде башка мамлекеттерден келген студенттерге дагы өзгөчө мамиле жасалат. Алардын ар бири кезек-кезеги менен өзүнүн мекени туурасында айтып, окуу жайдын ичинде чакан иш-чара өткөрүп турушат.