Нарындык дыйкандарга картошканын айдоо аянтын көбөйтүү сунушталууда

2510

Нарында быйыл картошка көбүрөөк айдалат. Коронавирус чет өлкөдө тез таралып, коркунуч жаратып жаткандыктан Нарын областында азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында дан эгиндери жана картошканын айдоо аянтын көбөйтүүгө дыйкандарга сунуш берилүүдө.

Мындай чечим Айыл-чарба министрлигинен берилген тапшырманын негизинде Нарын областынын губернатору тарабынан кабыл алынган. Быйыл аталган аймак боюнча 38 миң гектар жер аянтын айдоо пландалган.

Мунун 23 миңге жакын гектарына дан өсүмдүктөрү, 5 миң 200 гектарына картошка айдалат. Буга байланыштуу азыркы тапта даярдык иштери да ыкчамдатылган тартипте жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.