Нарындыктардын кайрылуусу (видео)

691

Теңир-Тоолуктар Өмүрбек Бабановдун келишин чыдамсыздык менен күтүп жатат. Нарын шаарында областтын бир катар райондорунан келген тургундар чогулуп, маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар экс-премьер-министр, мурдагы президенттикке талапкерге карата саясий негизде козголгон кылмыш иши токтотулуп, анын өлкөгө келүүсүнө шарт түзүлүшү керек дешет.

Маалымат жыйындын катышуучулары Өмүрбек Бабановдун премьер-министр катары жасаган иштерине токтолушуп, анын демилгелери ишке ашырылып учурда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын айтышууда. Элеттиктер Өмүрбек Бабанов менен жолугушууга аз күн калды деп ишенишет.