Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды (видео)

1801

Коррупцияга айыпталып 12,5 жылга кесилген Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Учурда автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы каякта экени белгисиз.

Буга чейин Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун Алмаматовду 3,5 миллион сом айыпка жыгуу боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Фемида өкүлдөрү Октябрь райондук сотунун айыпталуучуну 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган. Насырбек Алмаматовду бошоткон шаардык соттун судьяларынын жоопкерчилиги каралабы? Мурдагы аткаминердин качып кетүүсүнө ким шарт түзгөн?