Насыя алган дыйкандар күрөөгө түшүмүн кое алышат (видео)

961

Банктардан насыя алууну каалаган дыйкандар күрөөгө түшүмүн койсо болот. Экономика министрлиги дал ушундай жаатта мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, кредитке муктаж болгон айыл чарбачылар жыйнаган түшүмүн атайын сактоочу жайларга тапшырып, ал жактан күбөлүк алышат. Анын негизинде банктарга барып, насыя алууга болот. Бирок айрым депутаттар бул документтин иштеп кетишинен күмөн санашууда. Анткени коммерциялык мекемелер бат чирий баштаган жашылча жемишти күрөөгө алып кредит берүүдөн чочулашат.