Насыяга алынган вагондор качан келет? (видео)

925

«Кыргыз темир жолу» ишканасына аудит жүргүзүү үчүн чет элдик компания тартылат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты. Учурда тендер өткөрүүгө камылгалар көрүлүп, эл аралык ишканалардын кызмат акылары такталууда. “Темир жолу” ишканасы вагон сатып алуу үчүн Кыргызстан-Россия өнүктүрүү фондунан насыя алып, бирок алар ушул күнгө чейин толук келе элек. Акыркы убакта жеткирилген вагондордун сапаты боюнча да суроолор жаралууда. Мындан тышкары, мекеменин жетекчилигине карата да сындар көп айтылып келет. Эң кызыгы, компанияга аудит жүргүзгөн Кыргызстандын Эсептөө палатасынын ишинен майнап чыкпай жатканы болууда.