Насыяны жабууда жардам сураган бюджеттик кызматкер (видео)

1391

Мамлекеттик ипотека компаниясынан батир алган бир катар бюджеттик кызматкер өлкө жетекчилигине кайрылып, насыяны жабууга жардам сурашууда. Алар коронавирус пандемиясы күчөп, азык-түлүк кымбаттаган учурда 6 миңден 15 миң сомго чейин маяна алгандар үчүн насыяны төлөө өтө кыйын болуп жатканын айтышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы 123 батирлүү турак-жай мугалимдерге, медицина, маданият жана социалдык кызматкерлерге ипотекага берилген болчу. Анда насыяны төлөө 3 айдан ашык кечиктирилсе, ипотека алган киши үйдү бошотуу керектиги көрсөтүлгөн. Андыктан мугалимдер, медиктер кошумча акча табыш үчүн бири идиш жууса, экинчиси пол жууп кошумча кирешенин булагын издеп убара.