НДПК партиясы БШКны сотко берет (видео)

1688

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу шайлоодон четтетилген НДПК партиясынын арызын канааттандырган жок. Боршайкомдун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынына аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин колдоо боюнча сунуш жөнөтүлдү.

Бүгүн түнү эле БШКнын жыйыны өтмөй болду. 5 күн мурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын добуш сатып алууга байланыштуу материалдын негизинде шайлоодон четтеткен. Ага каршы болгон партия өкүлдөрү 20-апрелде БШКга арыз менен кайрылган.