НДПК партиясы шайлоодон четтетилеби? (видео)

2503

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы шаардык кеңешке өткөн шайлоодон четтетилди. Мындай чечимди кечээ түндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган. Жүйөө катары Биринчи май райондук милициясы жана УКМК тарабынан добуш сатып алуу жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартиби бузуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши келтирилген.

Ал эми аталган саясий бирикме мындай айыптоолор менен макул болбой, БШКга даттана турган болууда. Эгер алар чыгарган чечим жакпаса, анда сотко кайрылышат. Ал арада кээ бир саясий уюмдар шайлоого катышып тиешелүү босогодон өткөн дагы башка партиялардын да жарыштан четтетилишин талап кылышууда.