Небересин 20 миң сомго саткан аял үй камагына бошотулду (видео)

1674

Жээн небересин 20 миң сомго сатып жатканда колго түшкөн аял соттун чечими менен үй камагына бошотулду. Үч күн мурда Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы төрөлгөнүнө 11 күн болгон ымыркайды соодалап жаткан 58 жаштагы таянесин кармаган. Ага карата адам сатуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми жаңы эле көз жарган келин баласынын сатылып кеткенин билген эмесмин дейт. Бирок наристени багууга эч кандай шарты жок экенин айтууда. Учурда 14 күндүк ымыркай Ош шаарындагы балдар үйүндө.