Нике кыюу жөрөлгөсүнө юридикалык статус берилеби? (видео)

2814

Нике юридикалык күчкө ээ болушу керек! Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов айтып чыкты. Эл өкүлү ушундай жол менен турмушка чыккан аялдардын укугун коргоону көздөп жатыптыр. Бирок парламентарийдин айтканын ишке ашыруу кыйын, дешет адистер.

Чындыгында эле нике кыйылып, бирок расмий түрдө каттоого турбаган жубайлар ажырашып кеткенде, көп учурда аялдар ара жолдо калышат. Статистикалык маалыматка караганда, жылына 9 миңден ашуун ажырашуу болот.