Ноокат: Иш бөлмөсүндө уктап жаткан кызматкерлер (видео)

1538

Ош областынын Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысынын кабинетинде мас абалында эки адам уктап жатканы тартылган видео тарады. Алардын бири аталган райондун ички иштер башкармалыгынын башчысы Жигит Дубанаев болсо, экинчиси райондук статистика комитетинин башчысы Расулбек Ташов экенин белгиленген. Видеодон уктап жаткандардын жанынан арактын бош бөтөлкөсүн көрүүгө болот. Бул көрүнүш боюнча Ош областтык Ички иштер башкы башкармалыгы иликтөө жүргүзүп, видеодо Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн бир да кызматкери жок экенин аныкташкан. Ал эми Улуттук статистика комитети болсо бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди. Анда аты аталгандардын бири Ташов бул аларды атайын каралоо максатында уюштурулуп жатканын айтууда.