Ноокат районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды

3408

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы үч адамдан коронавирус аныкталганын билдирди.

Коронавируска кабылган 3 адам Ноокат районунда, изоляторго алынды. Алар умрага барып келгендер. Аны менен бирге умрага барып келгендер дүрбөлөң болбой, өзүн начар сезсе дарыгерге кайрылып, эч жакка барбоосу керектигин айтып өттү.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти.

Белгилей кетсек, 18-март күнү Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сузак районунда 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.