Ноокат районунда авария үч адамдын өмүрүн алды

1083

Ош-Исфана жолунда бараткан жеңил унаанын айдоочусу жүк ташуучу машина менен кагышкан.

Анын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынын 29, 27 жаштагы тургундары жана Бишкек шаарынын 20 жаштагы жашоочусу катуу жабыркап, ооруканада каза тапкан.

Мындан тышкары, дагы беш адам ар кандай жаракаттарды алган. Учурда бул кырсык боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.