Ноокат районунда коронавируска чалдыккан дагы бир адам көз жумду

4695

Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Министрликтен билдиришкендей, 4-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы ооруканада коронавирус аныкталган 80 жаштагы бейтап каза болду.

«Бейтап чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келген, стационардык обсервацияда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча дарыланып жаткан. Ал ооруканага жаткырылгандан бери республиканын алдыңкы медициналык адистеринен кеңеш алып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлгөн. Бирок бейтаптын ЭКГда миокарддын курч инфарк көрсөткүчү менен абалы чукул өзгөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам терапияга карабастан, бейтап каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталып, ооругандардын саны 147 кишиге жетти. Буга чейин коронавируска чалдыккан бир бейтап көз жумган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.