Ноокат районундагы талашка түшкөн жер тилкелери (видео)

649

Ош областынын Ноокат районундагы Он эки Бел айыл өкмөтүнүн бир нече тургуну жер бөлүштүрүү иштерине нааразы. Алардын айтымында, айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери участокторду жең ичинен акча бергендерге кезексиз берип жиберишүүдө. Ошол эле убакта, бир нече жылдап кезекте тургандар жер тилкеден куру жалак калышууда.

Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү болсо, жердин бөлүштүрүлүшүн атайын комиссия текшерип чыкканын айтып, айтылган дооматтарды четке кагышууда. Ал арада, нааразы тарап Финансы полициясына кайрылып, маселени дыкат иликтеп берүүнү өтүнүп жатышат.