Ноокат районунун бир топ аймактарында катуу сел жүрдү

1525

Аймактагы көпүрөнү суу алып, жараксыз абалга келгени маалым болду. Мындан тышкары, таш жүктөп бара жаткан «КамАЗ» машинесин суу агызып кетти. Интернетте тараган видеодо көрүнүп тургандай, жергиликтүү тургундар селге каршы курулган каналда тыгылып калган унаанын аккумуляторун чыгарууга жетишип калышкан.

Бул окуя Ноокат районунун Гүлистан айылдык аймагындагы шагыл, таш казылчу жерде катталган. Суу ташкынынан эч ким жабыркаган жок. Мындан тышкары, Ош-Баткен-Исфана жолунун бир нече тилкесин дагы сел каптаганы белгилүү болду.