Ноокат: жол боюнда жайгашкан тойкана толугу менен күйүп кетти

867

Ош областынын Ноокат районунда жол боюнда жайгашкан тойкана толугу менен күйүп кетти. Маалыматтарга караганда, өрт кечээ күнү кечке маал саат 5:30 башталган. Бактыга жараша кырсыкта эч ким жабыркаган эмес. Бирок ресторандын ичиндеги эмеректер, музыкалык жабдуунун бары күйүп кеткен.

Жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынан эки атайын техника тартылып, өрт өчүрүлгөн. Тиешелүү мекеменин маалыматы боюнча, жалын 450 чарчы метр аянтты каптап, өрт электр жабдыктарын орнотууда коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынан улам келип чыккан.

Учурда келтирилген чыгымдын өлчөмү такталууда. Эске салсак, 4 күн мурда ошол эле Ноокат районундагы мечит да толугу менен күйүп кеткен болчу. Анын өрттөнүп кетүү себептери такталып жатат.