Ноокатта 5 адамдан турган үй-бүлө иске ууланып, үйдүн кожоюну каза тапты

1122

Чүй областынын Сокулук районунда от жаккан меш жарылып кетип, 22 жаштагы кыз оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдириши. Маалыматтарга караганда, кырсык Романовка айылында жеке турак жайда болгон. Анда 1996-жылы туулган кыздын денесинин 65 пайызын күйүк баскан.

Ошондой эле Ош областынын Ноокат районунда 5 адамдан турган үй-бүлө иске ууланып, үйдүн кожоюну каза тапканы кабарланды. Уулуу ис үйдөгү мештен чыккан. Учурда маркумдун жубайы 3 баласы менен аймактык ооруканада жатат. Алардын абалдары канааттандырарлык деп бааланууда.