Ноокатта обсервацияга жаткырылган милиция кызматкеринин анализи аныктала элек

5105

Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов кичи ажылыктан келип обсервацияга алынгандарды көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери да обсервацияга жаткырылганын билдирди.

Анын айтымында, ички иштер органдары 13-14-15-март күндөрү кичи ажылыктан келип чектөөгө алынгандарды көзөмөлдөп, нөөмөттө турган. Нурдинов белгилегендей, бардык укук коргоо органдары 3 күндөн тарта 14 күнгө чейин медкызматкерлердин сунушуна ылайык текшерилип, анан үй-бүлөлөрүнө кое берилет.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 147 кишиге жетти. Беш бейтаптын абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен эки бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, үчөө кислород менен дем алууда.

147 учурдун ичинен Бишкек шаарында — 20, Ош облусунда — 47, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 67, Чүй облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда — 2 жана Нарын облусунда 4 адам бар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.