Ноокатта өзгөчө кырдаал жарыяланып, блокпосттор коюлду (видео)

1846

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. 3 жаңы учур Ош областынын Ноокат районунда катталды. Алар да Сауд Арабияга умрага барганы аныкталды. Илдетке чалдыккандардын үчөө тең — аял киши. Учурда алар менен кошо келген 282 жүргүнчүнүн өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул кырдаалга байланыштуу Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, жер-жерлерге блокпосттор коюлду. Коронавирустун тарап кетишинин алдын-алуу үчүн учурда өлкөнүн жети дубанында күчөтүлгөн иштер жүрүп жатат.