Ноокатта сейрек кездешчү чымчыктарды саткан 3 браконьер кармалды

603

Ош областынын Ноокат районунда сейрек кездешчү чымчыктарды кармап, сатып келген 3 браконьер кармалды. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Үч-Коргон айылынын 3 тургуну кармалып, алардын ар бирине 3 миң сомдон айып салынган. Ошондой эле, алар капаска камап койгон 60тан ашык сейрек кездешчү чымчык бошотулган.

Мындан тышкары, мыйзам бузуучулар буга чейинки иштери үчүн да 18 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Себеби аларга буга чейин эскертүү берилгенде чымчыктарды эркиндикке кое беришкенин айтышканы менен, иш жүзүндө аны аткарышкан эмес.