Ноокатта сел буудай, жүгөрү, картошка айдалган талааны жууп кетти (видео)

834

Ноокатта селдин кесепетинен 10дон ашуун жеке турак-жай жабыркады. Дагы 2 административдик имарат зыянга учураган. Ошондой эле, буудай, картошка, жүгөрү айдалган 2,5 гектар жерди суу каптаган. Мунун айынан жергиликтүү тургундар түшүм албай калдык деп бушайман болушууда.

Азырынча Ош областында жаратылыш кырсыгынан канча зыян келтирилгени эсептелип бүтө элек. Учурда үйдүн короолорун, жер төлөлөрдү жана имараттарды калыбына келтирүү иштери уланып жатат.