Ноокаттын жашоочусун карызы үчүн атып кетишти. Шектүүлөр кармалды

625

Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнүн 40 жаштагы тургунун атып кетишти. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Ага ылайык, 14-январь күнү саат 11:20лар чамасында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө окуя тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Шектүү катары 22-23 жаштагы төрт адам кармалды. Алар 40 жаштагы адамды арматура менен чаап, белгисиз курал менен атып кетишкен.

Шектүүлөрдөн далил буюм катары узундугу 1 метр 10 сантиметр болгон эки даана арматура «ИЗ-17» үлгүсүндөгү 16 калибрлүү аңчылык куралы табылды.

Суракта жабырлануучу шектүүлөргө 48 миң сом өлчөмүндө акча карыз экени белгилүү болгон. Шектүүлөр алгач жабырлануучуну ээн талаага алып барган, эки тараптын кайым айтышуусунан соң чыр чыккан.

Ал эми жабырлануучу оор абалда Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Анын 2 колу сынып, бутуна ок тийген жана баш сөөгү катуу жабыркаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.