Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаганга шектүү жаран изделүүдө

1169

Жалал-Абаддын Ноокен районунун ички иштер бөлүмү 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген кишиге издөө жарыялаганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Анын айтымында, окуя кызы кечки саат 17:00 чамасында мектептен үйгө келатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экенин билдирген.

Бул факты «зордуктоо» беренеси менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кылмышка шектүү адамдын тек жайын тактоо, издөө аракети жасалып жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.