Ноокенде барымтага алынган 7 жаштагы бөбөк, өлтүрүлгөн (видео)

635

120 миң доллар үчүн өлтүрүлгөн бөбөк. Ноокендик ишкердин 7 жашар баласын уурдап, ири суммадагы акча үчүн өлтүрүп койгон кишиге карата адам уурдоо жана адам өлтүрүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. 4-апрелде уулунун жоголгону тууралуу арыз менен баланын атасы жергиликтүү милицияга кайрылган.

Ошол эле күнү ишкерге бейтааныш адам чалып, баласы барымтада экенин айтып 120 миң доллар талап кылган. Сумманы 10 күндүн ичинде бербесе, уулу өлтүрүлөөрүн айткан. Бирок биринчи класстын окуучусу, 7 жаштагы бөбөк уурдалгандан кийин эле бир нече сааттан кийин өлтүрүлгөнү белгилүү болду.