Новгород — Саратов автожолундагы жол кырсыгында 2 кыргыз жараны каза болду

653

Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Кырсык 24-январь күнү болуп, анда Кыргызстандын 8 жараны бараткан “Тайота” минивени Нижний Новгород — Саратов автожолунун 420-чакырымында жүк ташуучу газ унаасы менен сүзүшкөн. Эки киши алган жаракатынан улам ошол жерде набыт болуп, дагы эки адам шаардык ооруканага жеткирилип, амбулатордук дарылануудан өтүүдө.

Ал эми айдоочу менен калган 3 жүргүнчү жабыркаган эмес. Кыргыз элчилиги Россиянын укук коргоо органдарына расмий сурам жөнөткөнүн белгилеп, иш көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.