Новопокровкада парламенттик “шайлоо” өттү (видео)

1889

Жаңы аралаш система менен өтүп жаткан парламенттик шайлоо тиешелүү тилкелерде кандай шартта өтүшү керек? Чүйдүн Новопокровка айылындагы №7410-шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн имитациясы болуп өттү. Иш-чарага 30дай киши катышып, алар шайлоочулардын милдетин аткарышты.

Алардын баарына кадимкидей эле бюллетендер таратылып, тургундар сан менен гана көрсөтүлгөн партия менен бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлерге добуштарын беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө бюллетендерди алмаштырып алгандар аты-жөнүн тизмеден таппай калгандар да болду.