НТС: 2020-жылда көрүүчүлөрдү эмнелер күтөт? (видео)

12759

Кыргызстандыктар жаңы жылды жагымдуу маанайда тосуп алуу үчүн НТС телеканалынын жамааты дагы болгон аракетин жумшады. Эртең сиз сүйүктүү каналыныздан майрамдык шоу-программаларга күбө боло аласыз. «Жаны жылга НТС менен!» деген аталыштагы кызыктуу көрсөтүү даярдалды.

Андан тышкары, сиздин сүйүктүү радиоңуз Санжыранын жыл жыйынтыгын чыгарган гала концертин көрүп, жеңүүчүлөр кимдер болгонун биле аласыз. Мындан башка дагы түркүн-түрдүү программалар даярдалды. Негизи эле, НТС телеканалы жыл бою сиздерге ар тараптуу маалыматтарды айтып берип, өзгөчө көрсөтүүлөрдү тартуулаганга аракет кылды.