НТС Академиясы өз ишин баштады (видео)

635

Телекөрсөтүү тармагында эмгектенүүнү самагандар үчүн НТС телеканалы жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Жакынкы күндөрү «НТС телеканалынын академиясы» өз ишин жаңы дем менен баштаганы турат. Анда тележурналистикага кызыккандар үчүн чечендик чеберчиликти өнүктүрүү, камера алдында иштөө, ар кыл багытта материалдарды жазуу ыкмалары үйрөтүлөт.

Академияда телеканалдын алдыңкы жана тажырыйбалу адистери сабак берет. Ал эми окуучулар үчүн орундар чектелген. Академиянын бүтүрүүчүлөрүнө телекөрсөтүүдө иштөө үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр каралган. НТСтин телеакадемиясында окутуу октябрь айынын ортосунда башталат.