НТС академиясындагы окутуунун 1-баскычы соңуна чыкты (видео)

706

Анын угуучулары бир ай бою телекөрсөтүүнүн ички сырлары менен таанышып, журналистиканын жалпы негиздерин окуп үйрөнүштү. Алар камера алдында сүрдөбөй сүйлөөгө жана актуалдуу жаңылыктарды кызыктуу кылып баяндап берүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү.

Бул НТС Академиясында окутуунун баштапкы гана этабы. Экинчи баскычта окуучулар телекөрсөтүү тармагында өздөрүнө жаккан багытты тандап алып, ал боюнча өз билимин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк алышат.