НТС кабарчыларын коркуткан жаран — депутаттын кеңешчиси (видео)

845

Ош областынын Кара-Суу шаарында шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жаткан журналисттердин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылып, коркутуп-үркүткөн жарандын ким экендиги аныкталды. Ал Жогорку Кеңеште консультант катары иштээри белгилүү болду. Бирок ага карата азырынча чара көрүлө элек. Эске салсак, эки күн мурда жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда Кара-Суу шаарында добуш берүү тилкенин сыртында белгисиз бир адамдардын жарандарды тизме аркылуу тактап жаткан учурун НТСтин кабарчылары тасмага түшүрүүгө үлгүрүшкөн. Бирок ал кишилер видео материалды өчүрүүнү талап кылып, журналисттерди коркутканга чейин барышкан. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Ички иштер министрлигине кабарлаган. Ал эми НТСтин кабарчылары жергиликтүү органдарга арыз менен кайрылган. Бирок азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек.