НТС каналын улутташтыруу аракети башталдыбы? (видео)

634

НТС телеканалын улутташтырууга эч кандай мыйзамдуу негиз жок! Бул тууралуу юристтер айтышууда. Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жеке менчик кол тийгис. Демек, эч ким өз билемдик менен кимдир бирөөнүн мүлкүн тартып алууга акысы жок. Улутташтыруу кандай учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн? Эгерде кайсы бир компания өлкөдө экологиялык жактан зыян келтирсе, ишкананын кызматкерлерин жүйөөсүз эле жумуштан кетирсе, бир топ кишиге чыгым келтирсе, мамлекеттик бюджетке негизсиз акча төкпөй жүрсө же атайын банкроттукка алып келсе. Бул жагдайлардын биринин дагы НТС телеканалына тишеси жок. Демек, улутташтырууга дагы негиз жок.