НТС операторун сабагандар милиция кызматкерлериби? (видео)

1399

НТС телеканалынын оператору Урмат Акынбек уулун, анын жубайын жана кайненесин сабаган 3 адамдын экөө — милициянын мурдагы кызматкерлери болуп чыкты. Алардын бири — Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен. НТСтин кызматкерин уруп-сабаганы үчүн кармалгандар боюнча ишти дагы Октябрь райондук милициясы тергеп жатат. Ур-токмокко кабылган Урмат Акынбек уулунун айтымында, кылмышка шектелген мурдагы милиционердин бири камакка алынбастан, кое берилген. НТСтин операторуна кол салуу 21-ноябрда кечинде болгон. Мас абалындагы эки адам дүкөндө жаңжал чыгарып, Урматтын аялы менен кайненесине кол көтөрүшкөн. Жакындарына болушкан кесиптишибизди 3 адам жабыла тепкилеп, алардын бири Ураматты кармап турган.