НТС Спорт: Хорватия Франциянын командасы менен күч сынашат

7168

Аддатагыдай түнкү саат 12де НТС-Спорт каналы кайрадан футбол күйөрмандарын чогултат. Бүгүн Англия — Хорватия комнадаларынын беттешүүсү болот. Жарым финалдык оюн Москва шаарында «Лужники» стадионунда өтөт.

Эске сала кетсек, Англия — Швеция командасын 2:0 эсеби менен утуп, жарым финалга чыкса, Хорватиянын футболчулары Россияны пенальтинин негизинде 4:3 эсеби менен жеңип алган.

Бүгүнкү оюндун жеңүүчүсү Франциянын командасы менен күч сынашат. Француздар кечээ түнү 1:0 эсебинде Бельгияны утуп алган.