НТС талашы: чечим чыгарган судья мыйзам буздубу? (видео)

1183

Акыйкатсыз чечим чыгарган сотторго карата коомдук уяткарууну күчөтүү зарыл. Жарандык активисттер 20 жылга сыртынан соттолуп, качып жүргөн кылмышкердин ишеним каты менен НТС телеканалынын мүлкүн камакка алган судьяны жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Антпесе бирөөнүн тагдырын каалагандай калчагандар күчөп, миңдеген адамдар колу таза эмес фемида өкүлдөрүнүн курмандыгына айланып калуу коркунучу бар. Ошондой эле, соттордун кара тизмесин түзүү сунушу да айтылууда. Ага акча берген тараптардын кызыкчылыгын көздөп чечим чыгарган, коррупциялашкан судьяларды киргизүү керек, дейт жарандык активисттер. Мындай тизме түзүлсө, анын сап башында кимдер турушу мүмкүн?