НТС талашында кимдин жана кандай кызыкчылыктар бар? (видео)

668

НТС телерадиокомпаниясын талашып жаткан “Грекстон Капитал” компаниясы убагында Кыргызстанды сызга отургузуп, миллиондогон каражаттарды Белиздеги оффшорго чыгарып кеткен. Бул тууралуу саясатчылар, Башкы прокурорлор жана атайын кызматтын өкүлдөрү айтышууда. «Грекстон» компаниясынын кожоюну Сергей Костырин — качкын президенттин уулу Максим Бакиевдин жакын адамы катары, экономиканын кирешелүү тармактарынан элдин байлыгын мыйзамсыз чыгарып жүргөн. Сергей Костыриндин “Мегаком”, “Азия Универсал банк”, тоо кендери менен медиа чөйрөсүндөгү ызы-чууларда аты чыгып, Кыргызстандын соттору аны сыртынан эркинен ажыраткан. Эми мындай кылмышкерге Бишкек шаардык райондор аралык соту көмөк көрсөтүп жатат. Эмнеге? Бул иште кимдин жана кандай кызыкчылыктар бар?