НТС телеканалында «Кыргызстанды тааныт» акциясы

988

НТС телеканалында жайкы акция! Чет жерде жашап, иштеп, окуп жүргөн мекендештер, өлкөбүздү таанытууга, даңазалоого салым кошкуңуз келеби? Анда бул «Кыргызстанды тааныт» өнөктүгү сиз үчүн! Акциянын шарттары эң жөнөкөй!

1 мүнөткө чейинки роликте сиз бир чет элдик жаранды тартып, анда ал же кыргыз тилинде сүйлөп, же кыргызга таандык каада-салт, үрп-адаттарды көрсөтүүсү керек. Же болбосо, ал улуттук тамак-аштарды жасоодогу чеберчилигин көрсөтө алат. Ошондой эле, кыргыз ырларын ырдап, бийлеп өз өнөрүн тартууласа да болот.

Акция 20-августта жыйынтыкталат. Жеңүүчүнү кыргыз бермети Ысык-Көлгө жолдомо күтүп турат.

Акцияга катышуу учун видеолорду +996 552 265 777 номерине жөнөтө аласыз.

P.S. Келген роликтер НТС телеканалынын Youtube каналына жүктөлүп турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.