НТС телеканалында жаңы долбоор — «АрыкTime»! (видео)

1001

6-октябрда НТС телеканалында «АрыкTime» теледолбоору көрсөтүлө баштайт. Ал айымдарды ашыкча салмактан артылтып жана алардын жашоосун жаңы нукка бурууга багытталган. Долбоордун алкагында кастинг аркылуу тандалып алынган 10 катышуучунун тамактануусуна чектөөлөр киргизилип, катаал талаптар коюлуп, алар спорттук көнүгүүлөрдү аткарышат.

Айымдардын жаш курагына чектөөлөр киргизилген эмес. Сынактын эрежесине ылайык, ар жума сайын тапшырманы так аткара албаган катышуучу жарыштан чыгарылып. Соңунда эң күчтүүлөрү гана калат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер каралган. Мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып, ал толугу менен НТС телеканалында көрсөтүлөт.