НТС телеканалынын 3 журналисти «Умтулуу» сыйлыгына татышты

1185

НТС каналынын 3 журналисти «Умтулуу» сыйлыгына татышты. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасы болуп, анда НТС телеканалынын «Жаңылыктар» бөлүмүнүн башкы редактору Элизат Садыралиева «Балалыкты коргоо» номинациясында биринчи орунга жетишти.

Ошондой эле «Элет» программасынын кабарчысы Эрнис Байсалбековдун темир ширетүүчү болуп эмгектенген Владимир аттуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам тууралуу сюжети да «Аракетчил адам» номинациясында биринчи орунга татыды.

Каналдын мурдагы кабарчысы Мээрим Ташибекованын материалы «Коом жана бийлик» номинациясында экинчи орунга жетишти. Калыстар тобунун өкүлдөрүнүн айтымында, сынакка жалпысынан 158 макала-баян келип түшкөн. Негизинен жети багыт болсо, анын алтоосунан жеңүүчүлөр аныкталган. «Тынчтык жана ынтымак» номинациясына эч кандай макала-баян ылайыктуу деп табылган эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.