НТС телеканалынын эмгек жамааты президентке ачык кайрылуу жасады

1001

НТС телеканалынын эмгек жамааты президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана сот бийлигинин башчыларына ачык кайрылуу жасады. Анда учурда телеканалдын тегерегинде түзүлгөн кырдаалды өз көзөмөлүнө алуусун өтүнүчү келтирилген.

Кыргызстанда жаңы президент кызматына киришкенине бир ай болбой жатып, өлкөдөгү эң ири жана калк арасында популярдуу мамлекеттик эмес телеканалдын мүлкүнүн камакка алынышы, ар кандай жоромолдорго себеп болууда.

Ал эми НТСти басып алуу аракетинин артында Максим Бакиевге тиешелүү компаниянын турганы түрдүү айың-кептерди ого бетер күчөтүп жатат.