НТС телеканалынын операторун сабаган 2 жаран 2 айга камакка алынды

911

НТС телеканалынын оператору Урмат Акынбек уулун сабаган 2 жаран 2 айга камакка алынды. Мындай чечим кечээ күнү Бишкек шаардык Октябрь райондук соту тарабынан чыгарылды. Ал эми биздин кесиптешти уруп-сабаган дагы бир адам азыркыга чейин камала элек.

Эске салсак, 21-ноябрь күнү кечки саат сегиздерде «Туңгуч» кичи районунда 3 адам Урмат Акынбек уулун, аялын жана кайненесине ур-токмокко алган. Бейбаштар бул кылганы үчүн жазага тартылбай турганын айтышып, милиция жана прокуратурада тааныштары бар экенин айтышкан. Кийинчерээк кол салгандардын экөө мас абалында экени наркологиялык экспертизада аныкталып, экөө камалган.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөрдүн экөө мурдагы милиция кызматкерлери. Алардын бирөө тергөөчү тарабынан эч себепсиз кое берилген. Айтымында, анын күнөөсүн далилдөө үчүн убакыт керек.