НТС телеканалынын операторун сабагандар — милициянын мурдагы кызматкерлери

830

НТС телеканалынын оператору Урмат Акынбек уулун, анын жубайын жана кайненесин сабаган 3 адамдын экөө — милициянын мурдагы кызматкерлери экени аныкталды. Алардын бири — Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен. НТСтин кызматкерин уруп-сабаганы үчүн кармалгандар боюнча ишти дал ушул Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тергеп жатыптыр.

Жабырлануучу Урмат Акынбек уулунун айтымында, кылмышка шектелген мурдагы милиционердин бири камакка алынбастан кое берилген. НТС телеканалынын операторуна кол салуу 21-ноябрда кечки саат 20:00 чамасында үйүнүн жанында болгон. Мас абалындагы эки адам дүкөндө жаңжал чыгарып, Урматтын аялы менен кайненесине кол көтөрүшкөн.

Ага болушкан биздин кесипшетибиз Урмат Акынбек уулу да жабыркап, мурду сынып, баш мээси чайкалып, учурда ооруканада даарыланууда.