НТС телекомпаниясындагы абал боюнча ой-пикирлер (видео)

747

Саясий жана коомдук ишмерлер НТС телеканалынын тегерегинде болуп жаткан окуяга тынчсызданып жатышат. Алардын айтымында, мындай жагымсыз көрүнүш башка бир катар медиа каражаттарынын олуттуу темаларды чагылдыруусуна бөгөт коюшу мүмкүн. Ошондой эле, күмөндүү тараптардын жеке маалымат каражаттарына кол салуусуна жол берүү өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы аброюна кедергисин тийгизет, дешет талдоочулар. Эми оффшордо катталган компаниянын ээси менен НТС телеканалынын соту кандай аяктаарына кыргызстандыктар гана эмес, эл аралык уюмдар дагы көз салууда. Юрисприденция жаатындагы дээрлик бардык адистер бул талашта эгер иш мыйзам чегинде териштирилсе, НТС каналы 100 пайыз утуш менен чыгышы керек дешет.