НТС — жеке менчик телеканалдардын ичинен 1-орунда (видео)

1038

Кыргызстандыктар кайсы маалымат булагына көбүрөөк ишенет? Медиа Полиси институту калктын медиа сабаттуулугу боюнча изилдөө жүргүздү. Борбор Азия боюнча мындай сурамжылоо алгачкы ирет болду, дешет адистер. Иликтөөгө 3 ай убакыт сарпталып, ага өлкөнүн баардык аймактарында жашаган 1 миң 200 респондент катышкан. Изилдөөдө белгилүү болгондой, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү кабарды телеканалдардын маалымат бөлүгүнөн алууну туура көрүшөт. Ал эми экинчи орунда сайттар жана социалдык тармактар турат. Жеке менчик телеканалдардын ичинен НТС биринчи орунга ээ болду. Бул телеканалга Кыргызстандагы аудиториянын басымдуу бөлүгү ишеним артат.