НТС журналисттерин коркуткандар жоопкериликке тартылат (видео)

917

Ош областынын Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары чыгууда. Акыркы маалымат боюнча, үч партия алдыда келе жатат. Бирок добуш берүүнүн жүрүшү ар кандай терс көрүнүштөр менен коштолду. Буга НТС телеканалынын кабарчылары өз көзү менен көрүп, күбө болуп, бул үчүн коркутуп-үркүтүүлөргө кабылышты. Кара-Суу шаарында айрым шайлоо тилкелеринде автоматтык урна иштебей калып, добуш берүү токтотулган. Бул учурда үкөктү текшеребиз деген шылтоо менен бир партиянын пайдасына алдын-ала добуш берилген бюллетендер салынган. Ал эми сыртта келген жарандарды тизме менен тактап киргизип жаткан учурлар да катталды.