НТС — жылдын мыкты телеканалы деп аталды (видео)

1207

НТС телеканалы быйыл дагы «бүткүл республиканы камтыган №1-маалыматтык канал» деп табылды. Бул калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы жана кесипкөй эксперттердин пикиринин негизинде аныкталды. Сынактын таза жана адилеттүү өтүшүн «Кыргызаудит» текшерип чыккан. “Жылдын тандоосу 2017” эл аралык фестивалы Токтогул Сатыганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Анда жалпысынан ар кайсы тармакта кызмат көрсөткөн 21 ата мекендик өндүрүүчүгө мыкты деген номинациялар берилди.